Токвиль Алексис (1805—1859) — франциялык саясаттын теоретиги, социолог жана тарыхчы.
Анын белгилүү «Америкадагы демократия» китебиндеги Токвильдин ой-жүгүртүүлөрүнүн башаты болгон демократтык идеялар көп өлкөлөрдө өзүнө жол ачууда. Анын демократиялык коомдогу саясий теңчилик менен саясий эркиндиктин ортосундагы мүмкүн болуучу конфликт маселеси абдан тынчсыздандырган.
Эталитардык коом үчүн аристократтык коомдун корпоративдик структураларын чагылдырган, биринен-бири обочолонгон адамдардын массасына айлануу тенденциясы мүнөздүү саясий натыйжа катары демократиялык республиканизмдин эркиндигиндеги теңчилдик эмес, демократиялык деспотизмдин кулчулугундагы эркиндиги болушу мүмкүн.
Токвильдин ою боюнча демократияга эки жагымсыз натыйжалар тийиштүү:
Демократтык мезгилде жеке турмуш умтулуулар жана эмгектер менен абдан толгондуктан ар бир адамдын саясий турмушка күчү жана убактысы калбай калат деген. Саясий апатия, - деп көрсөткөн Токвиль, - саясий борборлоштуруу жана социалдык баш ийүү процессинин башталышын түшүндүрөт. Ал көбүнчө демократиянын жагымсыз натыйжаларына карты чыгууга жалгыз өкүлчүлүк бийликтин күчү жетпейт.
Бирок Токвиль өзүнүн уникалдуу артыкчылыктарынын жардамы менен демократиянын аларды бейтарапташтырууга мүмкүнчүлүгү бар деп ишенген.
Ал башкаруунун башка формаларына Караганда демократиянын эки негизги артыкчылыктарын бөлүп көрсөткөн:
кеңири катышуусу.
Деспотизмге жол бербөө кызыкчылыгында адамдар аң-сезимдүү түрдө ыктыярдуулук саясатын жана социалдык кооперацияны жайылтып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун эркин мекемелерин жана ыктыярдуу саясий жана жарандык ассоциацияларды түзүүлөрү керек деп ырастаган. Токвиль алардын жардамы менен адамдар коомду башкарууга түздөн-түз катышат жана саясий маданиятты жана жарандык жан дүйнөнү жөнгө сала алат.
Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8